Түркия Валентин күнүнө карата 22 өлкөгө гүл экспорттоду
Түркиядан Нидерландия, Британия, Германия, Румыния жана Украина сыяктуу 22 өлкөгө 70 миллион гүл экспорттолду.
Валинтин күнүнө карата Түркиядан Нидерландия, Британия, Германия, Румыния жана Украина сыяктуу 22 өлкөгө 70 миллион гүл экспорттолду.
Декоративдик өсүмдүктөр жана буюмдарды экспорттоочулар ассоциациясынын төрагасы Исмаил Йылмаз, быйыл гүл экспортунун өткөн жылга салыштырмалуу өскөнүн белгилеп : «Валентин күнү үчү 70 миллион гүл экспорттолду. Мунун акчалай баасы 70 миллион доллар. Өткөн жылы 60 миллион гүл экспорттолгон. 6 миллион долларга жакын киреше алынган. Рекорд деп айта турганчалык өсүү болду»,- деди.
Түркиядан Нидерландия, Британия, Германия, Румыния, Украина сыяктуу Европа өлкөлөрүнө гүл сатылгандыгын айткан Йылмаз : «Европа Колумбия, Эквадор сыяктуу логистикалык көйгөйлөрү бар өлкөлөрдүн кемчилигин бизден камсыздап жатат»,- деди.
Тектеш кабарлар
Шимшек IMF-Дүйнөлүк банк жыйындарына катышат
Дүйнөлүк экономикадагы көйгөйлөр менен мүмкүнчүлүктөр талкууланган Жазгы жыйындар башталды.