Антальяда чет элдиктерге турак жай сатуу

Коронавирус пандемиясына карабастан Антальяда кыймылсыз мүлк сатуу өстү.

1577263
Антальяда чет элдиктерге турак жай сатуу

Түркияда чет элдиктер, ар бир беш турак жайдын бирөөсүн Антальядан сатып алышууда.

Деңизи, куму, күнү, люкс имараттары, тарыхый түзүштөрү менен туристтердин көздөгөн эс алуу борборлорунун бири болгон Анталья, кыймылсыз мүлк жаатында чет элдиктер тарабынан эң көп тандалган шаарлардын катарына кирди.

Кыймылсыз мүлк жана кыймылсыз мүлк инвестициялары ассоциациясынын (GYODER) мүчөсү Селман Өзгүн, коронавирус пандемиясына карабастан Антальяда кыймылсыз мүлк сатуу өскөнүн белгилеп: «Өткөн жылы Антальяда 104 миң 160 кыймылсыз мүлк сатылды. Бул көрсөткүч 2019-жылы 90 миң 761ди түздү. Пандемияга карабастан 2020-жылы кыймылсыз мүлк сатуу өткөн жылга салыштырмалуу 15 пайызга өстү»,- деди.

Эс алуу үчүн келгендердин айрымдарынын Түркияны абдан жактырып калганы үчүн кыймылсыз мүлк сатып алып калып калгандарын айткан Өзгүн: «Түркияда акыркы 5 жылда чет элдиктерге сатылган 166 миң 381 үйдүн 33 миң 683ү Антальядан сатылды. Башкача айтканда чет элдиктер ар бир беш турак жайдын бирөөсүн Антальядан сатып алышууда», деди. 



Тектеш кабарлар