Түркиянын мунай өндүрүшү 2020-жылы 1,5 миллион баррелге көбөйдү

Министр Дөнмез, Твиттер эсебинен бөлүшүүсүндө, өткөн жылы энергетиканын бардык тармактарында ташталган кадамдар менен мунай өндүрүүнү да ылдамдатып, Түркиянын энергия өндүрүү жана технология борборун түзөрүн айтты.

1575345
Түркиянын мунай өндүрүшү 2020-жылы 1,5 миллион баррелге көбөйдү

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, Түркиянын мунай өндүрүшү 2020-жылы өткөн жылга салыштырмалуу 1,5 миллион баррелге өсүп 22 миллион баррелден ашканын маалымдады.

Министр Дөнмез, Твиттер эсебинен бөлүшүүсүндө, өткөн жылы энергетиканын бардык тармактарында ташталган кадамдар менен мунай өндүрүүнү да ылдамдатып, Түркиянын энергия өндүрүү жана технология борборун түзөрүн айтты.

Мындан тышкары, 2019 жана 2020-жылдардагы чийки мунай өндүрүү көрсөткүчтөрү боюнча инфографика бөлүшкөн Дөнмез, 2019-жылы жалпысынан 20 миллион 750 миң баррель чийки мунай өндүрүлгөнүн, анын 14 миллион 664 миң баррели мамлекетке таандык экендигин жана 6 миллион 85 миң баррели жеке секторго таандык экенин айтты.

Дөнмез 2020-жылы 16 миллион 613 миң баррель мамлекеттик сектор жана 5 миллион 656 миң баррель жеке сектор тарабынан өндүрүлүп, жалпы 22 миллион 269 миң баррель чийки мунай зат өндүрүлгөнүн жана жылдык өсүш 1,5 миллион баррель болгонун белгиледи.



Тектеш кабарлар