Түркия мөмө ширесин экспорттоодо рекордго жетти

Түркиянын мөмө ширелерин экспорттоо өткөн жылы 322,8 миллион доллар менен рекордго жетти.

1575119
Түркия мөмө ширесин экспорттоодо рекордго жетти

Түркиянын мөмө ширелерин экспорттоо өткөн жылы 322,8 миллион доллар менен рекордго жетти.

Эгей экспортчулар биримдигинин маалыматына караганда Түркиянын мөмө ширелерин экспорттоо 2019 – жылы 259  миллион 884 000 доллар деп катталган. Өткөн жылы мөмө ширесин экспорттоо 24 пайызга өсүп 322 миллион 793 000 долларга жетти.

Мөмө ширесин экспорттоодо АКШ 86  миллион 641 000 доллар менен биринчи орунда турса, Нидерландия 32  мллин 143 000 доллар менен экинчи орунду алды. Үчүнчү орунду Түштүк Корея алды. Түштүк Кореяга жасалган экспорт  2019 -  жылга караганда 133 пайызга өсүп 31 миллион 519 000 долларга жетти.

Түрдүүлүк жагынан эң көп алма ширеси жана концентраты,  жүзүм ширеси менен концентраты, ананас ширеси жана концентраты экспорттолду.



Тектеш кабарлар