Украиналык туристтердин тандоосу Түркия
Коопсуз туризм боюнча сертификат программасынын критерийлерине ылайык сапаттуу жана коопсуз эс алуу кызматын көрсөткөн Анталья, украиналыктар үчүн эң негизги эс алуу борборуна айланды.
Коронавирус (Ковид-19) мезгилинде коопсуз жана сапаттуу эс алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулаган Түркия украиналык туристтердин биринчи тандоосу болду. Пандемия мезгилинде 750 миң адам чет өлкөдө эс алган Украинада Түркия биринчи орунду ээледи.
Туризм тармагында рекорддор жаңылынган 2019-жылы 2,5 миллион адам чет өлкөгө эс алууга барган Украинада өткөн жылы 750 миң адам туристтик максатта саякаттады.
Пандемия учурунда саякаттаган 750 миң адамдын 560 миңи Түркияга келди; бул туристтердин дээрлик бардыгы эс алуу үчүн Антальяны тандашты. Коопсуз туризм боюнча сертификат программасынын критерийлерине ылайык сапаттуу жана коопсуз эс алуу кызматын көрсөткөн бул шаар, украиналыктар үчүн эң негизги эс алуу борборуна айланды.
Украиналыктардын 2021-жыл үчүн да эрте брондоп башташканы маалымдалды.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.