Түркия 2020 - жылы 16 миллион туристти тосуп алды
Түркиянын 2020 - жылдагы туризм кирешеси 12 миллиард 59 миллион 320 000 доллар деп катталды.

Түркия өткөн жылы 16 миллионго жакын туристти тосуп алды.
Маданият жана туризм министрлиги жарыялаган маалыматтарга караганда, 2020 - жылы Түркияга келген чет өлкөлүк коноктордун саны 15 миллион 963 миң 997 болду.
Түркиянын 2020 - жылдагы туризм кирешеси 12 миллиард 59 миллион 320 000 доллар деп катталды.
Ар бир кишинин орточо чыгымы 762 доллар болгондугу белгиленди.
Эң көп турист жиберген өлкө 2 миллион 128 758 киши менен Россия болду.
Россиядан кийин 1 миллион 242 961 турист менен менен Болгария, 1 миллион 118 932 турист менен Германия келди. Германиянын артынан Украина, Британия, Грузия, Ирак, Иран, Франция жана Голландия келишти.
Түркияга келген туристтердин өлкөгө кирген облустардын арасында Стамбул биринчи орунду алды. Стамбулдан кийин кезеги менен Анталия, Эдирне, Мугла жана Артвин келди.
Тектеш кабарлар

Соода министри Мехмет Муш билдирүү жасады
Мехмет Муш: «Биздин бирден-бир максатыбыз 84 миллион элдин жыргалчылыгын жогорулатуу»