Түркиянын үй текстиль өнүмдөрү 194 өлкөгө экспорттолду

Түркиянын үй текстиль сектору 2020-жылды 2 миллиард 490 миллион 85 миң долларлык экспорт менен жапты.

1572950
Түркиянын үй текстиль өнүмдөрү 194 өлкөгө экспорттолду

Түркия өткөн жылы 194 өлкө жана автономиялуу аймактарга 2,5 миллиард долларга жакын үй текстиль өнүмдөрүн экспорттоду.

Улудаг экспортчулар бирикмеси менен Түркиянын үй текстиль өнөр жайчылары жана ишкерлер ассоциациясынан алынган маалыматтарга караганда, Түркиянын үй текстиль сектору 2020-жылды 2 миллиард 490 миллион 85 миң долларлык экспорт менен жапты.

Экспорт боюнча биринчи 3 орунду ээлеген Германияга 480 миллион 678 миң доллар, Америка Кошмо Штаттарына 295 миллион 452 миң доллар жана  Британияга 128 миллион 764 миң долларлык тышкы сатуу ишке ашырылды.

Ушул 3 өлкөгө жасалган 904 миллион 894 миң долларлык экспорт, үй текстилдеринин жалпы экспортунун 36,33 пайызын түздү.

Алдыңкы 10 мамлекеттин катарында Италияга 107 миллион 70 миң доллар, Нидерландияга 102 миллион 764 миң доллар, Францияга 97 миллион 343 миң доллар, Болгарияга 79 миллион 590 миң доллар, Польшага 70 миллион 28 миң доллар, Белоруссияга 65 миллион 10 миң доллар, Россияга болсо 61 миллион 779 миң долларлык товар сатылды.



Тектеш кабарлар