Түркия өткөн жылы 52 өлкөгө бал сатты

Бул экспорттон 25 миллион 864 миң 852 доллар киреше түштү.

1564402
Түркия өткөн жылы 52 өлкөгө бал сатты

Түркия өткөн жылы Германия, АКШ, Сауд Арабия, Кувейт жана Оман баш болгон 52 өлкөгө бал экспорттоду.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар ассоциациясынын маалыматтарына караганда Түркиядан 2020-жылы 52 өлкөгө 5 миң 974 тонна бал сатылды.

Бул экспорттон 25 миллион 864 миң 852 доллар киреше түштү.

Ушул мезгилде балдын экспорту 2019-жылга салыштырмалуу көлөмү жагынан болжол менен 8 пайызга, наркы боюнча 4 пайызга жогорулады.

2019-жылы 24 миллион 810 миң 927 долларга 5 миң 548 тонна бал экспорттолгон.

Германия, Америка, Сауд Арабия, Кувейт жана Оман 2020-жылы эң көп бал экспорттолгон өлкөлөрдүн катарына кирди.

Балдын экспортунда 8 миллион 988 миң 415 доллар менен Германия биринчи орунду ээледи.

Бул өлкөдөн кийин 5 миллион 419 миң 10 доллар менен Америка, 3 миллион 17 миң 735 доллар менен Сауд Арабия, 1 миллион 43 миң 80 доллар менен Кувейт жана 693 миң 629 доллар менен Оман турат.

Түркия өткөн жылы мурунку жылдан айырмаланып Польша, Бангладеш, Индонезия, Швейцария, Йемен, Венгрия, Филиппин, Кабо-Верде, Литва, Панама, Мавритания, Румыния, Түштүк Корея жана Гвинеяга да бал сатты.



Тектеш кабарлар