Антальяга өткөн жылы 175 өлкөдөн туристтер келди

Пандемиялык мезгилде көрүлгөн чаралардын негизинде сапаттуу жана коопсуз эс алуунун дарегине айланган Анталья 3 миллион 512 миң 910 туристти кабыл алды.

1564268
Антальяга өткөн жылы 175 өлкөдөн туристтер келди

Дүйнөдөгү негизги туристтик жерлердин бири болгон Антальяга өткөн жылы коронавирус (Kovid-19) пандемиясына карабастан 175 өлкөдөн 3,5 миллиондон ашуун турист келди.

Украина менен өз ара каттамдар башталган 2020-жылдын 1-июлунда ачылган тышкы рынок, 10-августта Россиядан өз ара каттамдардын башталышы менен жанданды.

Биринчи күн 519 россиялык турист келген Антальяга, Германия, Польша, Британия баш болгон ар кайсы өлкөлөрдөн каттамдар ишке ашырылды.

Пандемиялык мезгилде көрүлгөн чаралардын негизинде сапаттуу жана коопсуз эс алуунун дарегине айланган Антальяга, Америка Кошмо Штаттарынан (АКШ) Балкан өлкөлөрүнө, Европадан Азияга чейинки аймактардан 175 өлкөдөн 3 миллион 512 миң 910 турист келди.

Анталья Россиядан 1 миллион 509 миң 648, Украинадан 557 миң 765, Германиядан 346 миң 319, Британиядан 211 миң 881, Польшадан 90 миң 751, Швецариядан 50 миң 366, Молдовадан 45 миң 693, Румыниядан 44 миң 526, Казакстандан 39 миң 834, Нидерландиядан болсо 27 миң 987 туристти кабыл алды.



Тектеш кабарлар