Түркия 2020-жылы 120 өлкөгө фундук сатты

Фундуктун экспортунда биринчи орунду Германия ээледи.

1563570
Түркия 2020-жылы 120 өлкөгө фундук сатты

Түркия, өткөн жылы Германияга 67 миң 439 тонна фундук экспорттоп андан 441 миллион 381 миң долларлык киреше тапты.

Кара деңиз фундук жана азыктарын экспорттоочулар ассоциациясынан алынган маалыматка караганда, Түркия мурунку сезондо дээрлик 120 өлкөгө 280 миң 924 тонна фундук экспорттоп андан 1 миллиард 945 миллион 299 миң долларлык киреше түштү.

Фундуктун экспортунда биринчи орунду Германия ээледи.

Түркия өткөн жылы Германияга 67 миң 439 тонна фундук сатып андан 441 миллион 381 миң долларлык киреше тапты.

Германиядан кийин эң көп экспорт жасалган өлкөлөр Италия жана Франция болду.

Италияга 405 миллион 475 миң долларга 56 миң 433 тонна, Францияга болсо 135 миллион 699 миң долларга 19 миң 325 тонна фундук сатылды.



Тектеш кабарлар