Караисмаилоглу:«Азия-Европанын ортосунда темир жол аркылуу жүк ташуу жаатында жаңы доор башталды»

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө ылайык, Түркиядан Кытайга жеткен биринчи экспорт поезди үчүн Сиань шаарында расмий азем өткөрүлдү.

1550633
Караисмаилоглу:«Азия-Европанын ортосунда темир жол аркылуу жүк ташуу жаатында жаңы доор башталды»

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу Азия менен Европанын ортосунда темир жол аркылуу жүк ташуу жаатында жаңы доор башталгандыгын билдирди.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө ылайык, Түркиядан Кытайга жеткен биринчи экспорт поезди үчүн Сиань шаарында расмий азем өткөрүлдү.

Аземге видео конференция аркылуу катышкан Караисмаилоглу, Түркия, Азербайжан жана Грузия тарабынан түзүлгөн кызматташтыктын негизинде ишке ашкан Баку-Тбилиси-Карс темир жол линиясы өз ишин 2017-жылдын 30-октябрында баштаганын эскертип, Азия менен Европанын ортосунда темир жол аркылуу жүк ташуу жаатында жаңы доор башталгандыгын белгиледи.

Караисмаилоглу, Баку-Тбилиси-Карс темир жол линиясынын Кытай менен Түркиянын ортосундагы жүк ташуу убактысын 1 айдан 12 күнгө чейин, кылымдын долбоору Мармарайдын бул линияга кошулушу менен Ыраакы Чыгыш менен Батыш Европанын ортосундагы мөөнөттү 18 күнгө чейин түшүргөнүн маалымдап,«4-декабрда 42 контейнер ак буюмдар менен биздин Черкезкөй станциябыздан жөнөгөн биринчи экспорттук поездибиз, 2 континентти, 2 деңизди жана 5 өлкөнү кесип өтүп, Кытайга болгон сапарын ийгиликтүү аякташы, эми бул улуу кыялдын чындык экенинин эң чоң далили»,-деп баасын берди.

Экинчи экспорттук поезддин дагы Кытайдын Сиань шаарына бара жаткандыгын баса белгилеп, 42 вагон / контейнердеги 1400 ак буюм менен сапарын ийгиликтүү улантып жатканын баса белгилеген Караисмайлоглу:«Мен 2021-жылы эки өлкөнүн ортосунда жумасына эки жолу эки тараптуу каттамдар менен ушул ийгиликтерге жаңылары кошулат деп терең ишенем. Кытайга жетип темир жолу аркылуу жүк ташуу жаатында жаңы доордун башталганын бүткүл дүйнөгө далилдеген экспорт поездибиздин жаңы ийгиликтер үчүн күчтүү дем-күч берет деп үмүттөнөм»,-деди.



Тектеш кабарлар