Антальяга келген туристтердин саны 3 миллион 382 миң 485ке жетти
Шаарга келген чет элдик коноктордун арасында 1 миллион 474 миң 186 адам менен россиялык туристтер биринчи орунду ээлешти
Быйыл Антальяга келген туристтердин саны ноябрь айынын акырына карата 3 миллион 382 миң 485ке жетти.
Дүйнө жүзү коронавирус (Kovid-19) менен күрөшүп жаткан мезгилде, Түркиянын туризм борбору деп эсептелген Анталья ар кайсы өлкөлөрдөн келген туристтерди кабыл алууну улантууда.
Жыл башынан 30-ноябрга чейин шаарга келген туристтердин саны 3 миллион 382 миң 485ке жетти.
Шаарга келген чет элдик коноктордун арасында 1 миллион 474 миң 186 адам менен россиялык туристтер биринчи орунду ээлешти. Россиядан кийин 555 миң 954 конок менен Украина, 341 миң 217 турист менен Германия жана 209 миң 673 киши менен Британия турат.
Ковид-19 чараларынын алкагында коопсуз туризм кызматын көрсөткөн Антальяга сезондун аякташына карабастан ноябрь айында 105 миң 856 турист келди. Бул туристтердин 71 миң 607син орустар, 5 миң 732син немистер түздү.