Муглага келген турист саны

Жылдын башынан 15 - ноябрга чейин Түркиянын эң популярдуу туризм борборлору болгон Муглага 693 миң 846 турист келген.

1531584
Муглага келген  турист саны

Жылдын башынан 15 - ноябрга чейин Түркиянын эң популярдуу туризм борборлору болгон Муглага 693 миң 846 турист келген.

Түркиянын 1484 километр менен эң узун жээк тилкесине ээ, тарбигый кооздуктары жана байыркы шаарлары менен белгилүү туризм шаары Мугда 340 миң орундуктуу комплекстеринде жергиликтүү жана чет элдик конокторго мыкты эс алуу мүмкүнчүлүктөрүн сунууда.

Эс алуучулар Бодрум, Мармарис, Фетхие, Датча, Ортажа, Милас жана ула сыяктуу райондору менен түрдүү туризм мүмкүнчүлүгүн сунган шаар жаңы тип коронавируска карата көргөн чаралары менен жаңы деңиз, кум жана күндүн ырахатын чыгарууну каалагандардын баш тарткыс адрестеринен болду.

Облустук маданият жана туризм директору Зекерия Бингөл шаарга көптөгөн өлкөлөрдөн туристтердин көп келгенин айтып : "1 - январдан 15 - ноябрга чейин шаарга келген туристтердин саны 693 846га жетти. Мунун 309 424тү британдыктар түзөт. Британия Мугла жана Түркия үчүн ири базар. Британиядан  кийин туристтердин көпчүлүгү Украина, Россия, Германия жана Польшадан келди. Маданият жана туризм министрлигинин жетекчилиги астында, тиешелүү министрликтердин жана жеке сектордун өкүлдөрүнүн катышуусунда даярдалган Коопсуз туризм сертификаты программасы туристтердин келишинде абдан таасирдүү  болду»,- деди.

 



Тектеш кабарлар