Антальяга келген туристтердин саны

Анталья, жыл сайын болгондой эле быйыл дагы туристтер үчүн баш тартылгыс даректердин бири болду.

1529441
Антальяга келген туристтердин саны

Жылдын башынан 15-ноябрга чейин Антальяга келген туристтердин саны 3 миллион 356 миң 623кө жетти.

Сапаттуу жана коопсуз туризм кызматтары менен өзгөчөлөнүп турган Анталья, жыл сайын болгондой эле быйыл дагы туристтер үчүн баш тартылгыс даректердин бири болду.

Дүйнө жүзү коронавирус (Ковид-19) пандемиясы менен күрөшүп жаткан мезгилде жылдын башынан 15-ноябрга чейин шаарга келген туристтердин саны 3 миллион 356 миң 623кө жетти.

Россия 1 миллион 459 миң 48 турист менен шаарга эң көп турист жиберген өлкө болду.

Россиядан кийин 554 миң 410 турист менен Украина, 339 миң 759 менен Германия, 209 миң 649 конок менен Англия, 85 миң 929 менен Польша жана 63 миң 28 турист менен Беларусь турат.



Тектеш кабарлар