Азия-Тынч океан аймагындагы өлкөлөрдүн эң ири эркин соода келишими түзүлдү

Азия-Тынч океан аймагындагы 15 өлкө дүйнөнүн эң ири эркин соода келишими деп аталган Региондук Комплекстүү Экономикалык Өнөктөштүк (RCEP) келишимине кол койду.

1527915
Азия-Тынч океан аймагындагы өлкөлөрдүн эң ири эркин соода келишими түзүлдү

Азия-Тынч океан аймагындагы 15 өлкө дүйнөнүн эң ири эркин соода келишими деп аталган Региондук Комплекстүү Экономикалык Өнөктөштүк (RCEP) келишимине кол койду.

Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) 37-лидерлер саммитинин алкагында өткөрүлгөн RCEP жыйынында АСЕАН мүчөлөрү Бруней, Кампучия, Индонезия, Лаос, Малайзия, Мьянма, Филиппин, Сингапур, Таиланд ,Вьетнам жана бул уюмдун диалог өнөктөштөрү Австралия, Кытай, Япония, Түштүк Корея менен Жаңы Зеландиянын лидерлери сегиз жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин бир келишимге жетишишти.

Жолугушууда сүйлөгөн Сингапурдун премьер-министри Ли Сянь Лун RCEP келишимин чоң бурулуш учур деп мүнөздөдү жана RCEP келишими глобалдык өсүш басаңдап турган ушул мезгилде чоң кадам болду деп билдирди.

Малайзиянын Эл аралык соода министри Мухаммед Азмин Али, RCEP кан, тер жана көз жаш менен токулган 8 жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин түзүлгөн келишим экендигин белгилеп, аймакта жаңы доор башталаарын айтты.

15 мамлекетти жана 2,1 миллиард калкты камтыган дүйнөдөгү эң ири эркин соода келишими RCEP глобалдык ички дүң өнүмдүн 30 пайызын түзөт.

Келишим Кытайдын Азия-Тынч океан аймагындагы экономикалык үстөмдүгүн күчөтөт деп күтүлүп жатканда, АКШ менен Европанын компанияларын эркин соода аймагынан чыгарып, аларды начар абалга алып келет.



Тектеш кабарлар