Түркиянын өнөр жай өндүрүшүнүн индекси өстү

Түркиянын статистикалык мекемеси, сентябрь айындагы өнөр жай өндүрүш индексинин жыйынтыктарын жарыялады.

1527096
Түркиянын өнөр жай өндүрүшүнүн индекси өстү

Өнөр жай өндүрүшүнүн индекси сентябрь айында айлык 1,7 пайызга, жылдык 8,1 пайызга жогорулады.

Түркиянын статистикалык мекемеси, сентябрь айындагы өнөр жай өндүрүш индексинин жыйынтыктарын жарыялады.

Буга караганда, сентябрь айында өнөр жай өндүрүшү өткөн айга салыштырмалуу 1,7 пайызга өстү.

Сентябрь айында 2019-жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 8,1 пайызга өскөн өнөр жай өндүрүшү, жылдык негизде да 11,17 пайызга жогорулады.

Сентябрь айында тоо кен казуу жана карьер казуу секторунун индекси өткөн айга салыштырмалуу 3,2 пайызга, иштетүү өнөр жай тармагынын индекси 1,4 пайызга жана электр, газ, буу жана кондиционер өндүрүү жана бөлүштүрүү секторунун индекси 4,2 пайызга жогорулады.

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, өнөр жай өндүрүшүнүн индексине байланыштуу билдирүүсүндө, Түркиянын жылдык көрсөткүчү менен Европада өндүрүшүн эң көп көбөйткөн өлкө болгонун айтты.



Тектеш кабарлар