Эрдоган:«Өлкөбүздү жер титирөөлөргө туруштук бере албаган бардык турак үйлөрдөн тазалайбыз»

Эрдоган Талас шаарындагы парашют талаасында өткөрүлгөн Кайсери шаарды трансформациялоонун ачкыч тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

1515298
Эрдоган:«Өлкөбүздү жер титирөөлөргө туруштук бере албаган бардык турак үйлөрдөн тазалайбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияны жер титирөөлөргө туруштук бере албаган бардык турак үйлөрдөн тазалай тургандарын билдирди.

Эрдоган Талас шаарындагы парашют талаасында өткөрүлгөн Кайсери шаарды трансформациялоонун ачкыч тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган, Кайсеринин шаарды өзгөртүү долбоорлорунун эң байыркы, эң ар тараптуу жана эң ийгиликтүү мисалдары ишке ашырылган жер экендигин айтты.

Кайсеринин бүгүнкү күнрдө Түркиянын шаар куруунун эң сонун үлгүлөрүнүн бири болуп калганын белгилеген Эрдоган:«Бүгүнкү күнгө чейин шаарыбызда 100 миңге жакын үй трансформацияланды»,- деп айтты.

Максаты, жер титирөөгө туруксуз экендиги тастыкталган  6,7 миллион көз карандысыз участокторду трансформациялоону тез арада бүтүрүү экендигин баса белгилеген Эрдоган:«Биз биринчи кезекте 1,5 миллион алдыңкы планга коюлган структуралар боюнча ыкчам жана чечкиндүү иштеп жатабыз. Мамлекетибизди кырсыктарга туруштук бере албаган бардык түзүмдөрдөн куткарабыз деп ишенем»,-деди.



Тектеш кабарлар