Варанк: «Дүйнө жүзү ушул 30 жылдык басып алууга карата дүлөй жана дудук»

Варанк, Эрзурум шаарындагы 2-уюшулган өнөр жай зонасындагы (OIZ) тартуу борборлорун колдоо программасынын тобу менен ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1514828
Варанк: «Дүйнө жүзү ушул 30 жылдык басып алууга карата дүлөй жана дудук»

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Армениянын Азербайжанга жасаган чабуулдарына каршы, «Тилекке каршы, дүйнө жүзү ушул 30 жылдык басып алууну, ал жерде курман болгон жаран жана күнөөсүз азербайжандык боордошторубузду уккан жок жана дудук»,- деди.

Варанк, Эрзурум шаарындагы 2-уюшулган өнөр жай зонасындагы (OIZ) тартуу борборлорун колдоо программасынын тобу менен ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө, «Биздин азербайжандык боордошторубуз аябай күрөшүп жатышат. Тилекке каршы, дүйнө жүзү 30 жылдык басып алуучулукка, ал жерде курман болгон жаран жана бейкүнөө азербайжандык боордошторубузга карата дүлөй жана дудук. Алар Генже шаарында кардар балдар дебестен  карапайым адамдарды мыкаачылык менен бутага алышты. Бир кылым мурда Эрзурумда Хынчак-Ташнак бандиттери эмне кылган болсо, тилекке каршы биз 21-кылымда Азербайжанда дагы ушундай көрүнүштөргө күбө болуп жатабыз»,- деди.

Мустафа Варанк, бүткүл дүйнө сыртын салса дагы Түркия Азербайжандын жанында болууну уланта турганын айтты.

Министр Варанк: «Биз азербайжандык боордошторубузга кандай колдоону,кантип беришибиз керек болсо, кемчиликсиз жана кынтыксыз  көрсөтөбүз. Биз бир эл, эки мамлекетпиз. Бүткүл дүйнө муну көрөт»,- деди.



Тектеш кабарлар