Трабзондон 55 өлкөгө фундук экспорттолду

Эң көп Италия, Германия жана Канадага сатылды.

1495320
Трабзондон 55 өлкөгө фундук экспорттолду

Түркия, жылдын 8 айында 176 миң 529 тонналык фундук экспортунан 1 миллиард 227 миллион 308 миң 815 долларлык киреше тапты.

Январь-август мезгилиндеги фундук экспортунун 467 миллион 491 миң долларлык бөлүгүн Трабзондогу ишканалар камсыздашты.

Бул мезгилде Трабзондогу компаниялар 66 миң 433 тонналык фундук экспортунан 467 миллион 491 миң 657 доллар киреше табышты.

Ушундайча Трабзон жалпы фундук экспортунун киреше бөлүгүндө 38 пайызын жүзөгө ашырды.

Трабзондон фундук экспорттолгон өлкөлөрдүн саны 55ке жетти.

Эң көп фундук сатылган өлкөлөрдүн катарына Италия, Германия жана Канада кирди.

Бул мезгилде Италияга 118 миллион 61 миң 421 доллар, Германия 85 миллион 640 миң 289 доллар жана Канадага 39 миллион 693 миң 294 долларлык фундук экспорттолду.



Тектеш кабарлар