Түркия 8 айда 10,77 миллион доллардык чай экспорттоду

Эң көп чай сатылган өлкөлөр Бельгия, Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Нидерландия, Сауд Арабиясы жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) деп аталган.

1494052
Түркия 8 айда 10,77 миллион доллардык чай экспорттоду

Түркиядан январь-август айларынын аралыгында 10 миллион 772 миң 705 доллар чай экспорттолду.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар ассоциациясы (DKİB) берген маалыматтарга караганда, Түркия, жылдын 8 айында 2 миң 753 тонна чай экспортунан 10 миллион 772 миң 705 доллар киреше тапты.

Ушул мезгилде Ризеде жайгашкан фирмалар 1887 тонна чай экспорттоп 6 миллион 235 миң 210 доллардын өлкөгө киришине шарт түзүштү.

Ошентип, Ризе өлкөнүн жалпы чай экспортунун 69 пайызын жана наркы боюнча 58 пайызын ишке ашырды.

Белгиленген мезгилде шаардан чай экспорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көлөмү жагынан 23 пайызга, наркы жагынан 57 пайызга өстү.

Ризеден чай экспорттогон өлкөлөрдүн саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11ге көбөйүп, 28ге жетти.

Эң көп чай сатылган өлкөлөр Бельгия, Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Нидерландия, Сауд Арабиясы жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) деп аталган.



Тектеш кабарлар