Ирактын Мосул провинциясынан Түркияга чейин заманбап темир жол салынат

Бул тууралуу Мосулдун губернатору Нежим эл Кубури Ирактын жарым расмий гезити Эс-Сабахка кыскача билдирүүсүндө маалымат берди.

1493974
Ирактын Мосул  провинциясынан Түркияга чейин заманбап темир жол салынат

Ирактын түндүгүндөгү Мосул провинциясынан Түркиянан чек арасына чейин заманбап темир жол курулат.

Мосулдун губернатору Нежим эл Кубури Ирактын жарым расмий гезити Эс-Сабахка кыскача билдирүүсүндө, түрк фирмаларынын колдоосу менен инженерлер тобу жакынкы күндөрү эки өлкөнүн ортосунда жаңы заманбап темир жол линиясын тарта башташарын билдирди.

Жубури,  Мосул шаарынын борборунан жана Түркия чек арасына карай курула турган темир сызыгынын автожол чек ара капкасындагы тыгыздыгы кыскартууга багытталганын баса белгилеп, долбоордун бюджети жана наркы жөнүндө кеңири маалымат берген жок.

Түркия менен Ирактын ортосундагы соода жана эл аралык өткөөлдөр үчүн Хабур-Ибрахим Халил чек ара дарбазасы колдонулат.

Түркиянын Багдаддагы элчиси Фатих Йылдыз, февраль айында жасаган билдирүүсүндө эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмү 2019-жылы 15 миллиард 800 миллион доллардын тегерегинде деп билдирген.



Тектеш кабарлар