Түркиядан 103 өлкөгө чай экспорттолду
Түркиядан, жылдын сегиз айлык мезгилинде 103 өлкөгө 10 миллион 772 000 доллар чай сатылды.
Түркиядан, жылдын сегиз айлык мезгилинде 103 өлкөгө 10 миллион 772 000 доллар чай сатылды.
Чыгыш Кара Деңиз Экспортчулар Биримдигинен берилген маалыматка караганда январь - август мезгилинде 2753 тонна чай экспорттолгон. Бул мезгилде экспорттолгон чайдын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15 пайызга көбөйгөн. Чай экспорту нарктык негизде өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 33 пайызга көбөйүп, 10 миллион 772 000 долларга жетти.
Түркия бул мезгилде жалпы 103 өлкөгө чай экспорттоду. Бельгия, Германия, Түндүк Кипр Түрк Республикасы , Америка Кошмо Штаттары жана Нидерландия экспорттун негизги багыттары болгон.
3 миллион 915 000 долларлык чой экспорту менен биринчи орунда Бельгия турса, 1 миллион 339 000 долларлык экспорт менен Германия, 710 000 долларлык экспорт менен Түндүк Кипр Түрк Республикасы, 709 000 долларлык экспорт менен АКШ, 639 000 долларлык экспорт менен Нидерландия келди.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.