«Оруч Рейс» кемесинин мезгилдик майлоо жана толуктоосу ишке ашырылууда

Энергетика жана табигый ресурстар министрлиги бул тууралуу Твиттер барагынан маалымат бөлүштү.

1490306
«Оруч Рейс» кемесинин мезгилдик майлоо жана толуктоосу ишке ашырылууда

Энергетика жана табигый ресурстар министрлиги, «Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемесинин Түркиядагы портко кайтуусунун  ай сайын үзгүлтүксүз болуп турган иш-чара экендигин билдирди.

Министрликтин Твиттер барагынан берилген маалыматта «Оруч Рейс» кемесинин 10-августта Жер Ортолук деңиздеги Демре-1 аймагында сейсмикалык издөө жана изилдөө иштерин баштагандыгы эске салынды.

Кеменин ушул кезге чейин сөз болгон аянтта 3 миң 525 чакырымдык сейсмикалык маалыматтарды топтогону жазылган билдирүүдө төмөнкүдөй сөздөр айтылды: «Оруч Реис, иштөө принцибине ылайык, айына бир жолу пландаштырылган техникалык тейлөө, персоналды алмаштыруу жана андан кийинки тапшырмаларды даярдоо үчүн портуна кайтып келет. Айлык мезгилдер менен майлоо жана толуктоо үчүн кеменин портко кайтуусу, ар дайым болуучу турган иш. Кеме майлоо жана оңдоо иштеринен кийин сейсмикалык издөө жана изилдөө иштерин улантат». Билдирүүдө ошондой эле Түркиянын эл аралык укукка негизделген Жер Ортолук деңизинде чалгындоо жана бургулоо иш-аракеттерине үзгүлтүксүз улантылып жаткандыгы, «Явуз» жана «Барбарос Хайреттин Паша» кемелеринин Чыгыш Жер Ортолук деңизинде ишин улантканы белгиленди.



Тектеш кабарлар