Антальяга үч күндүн ичинде 100 миң турист келди

Анталья аэропортунун башкы директору Дениз Варол маалымат берди.

1479619
Антальяга үч күндүн ичинде 100 миң турист келди

Туризмди жандандырган Антальяга 3 күндүн ичинде 510 учак менен 100 миң жүргүнчү келди.

Анталья аэропортунун башкы директору Дениз Варол, өзгөчө Россиядан учуулар башталгандан кийин Анталья аэропортундагы кыймылдуулуктун артканын айтты.

Россиядан биринчи этапта Антальяга 7 шаардан учак келгенин белгилеген Варол, учурда бул учуу жеринин 16га көбөйгөнүн айтты.

Аэропорттун Орусиядан гана эмес, 31 мамлекеттен келген жүргүнчүлөрдү кабыл алгандыгын белгилеген Варол, жүргүнчүлөрдүн жана учактардын да санында өсүү болгонун билдирди.

Учурда Россия, Германия, Украина, Польша жана Англия сыяктуу маанилүү рыноктордон тышкары Албания, Македония жана башка Балкан өлкөлөрүнүн ар кайсы жерлеринен учактардын келип жатканын маалымдаган Варол, Антальянын коопсуз туристтик борбор экендигин далилдегенин баса белгиледи.

Варол: «Аэропортто жүргүнчүлөрдүн жана учактардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Жума, ишемби жана жекшемби күндөрдөгү кыймылдуулукту карай турган болсок, 3 күндүн ичинде 510 учак жана 100 миң жүргүнчүгө кызмат көрсөтүптүрбүз, бул абдан маанилүү көрсөткүч. Тышкы каттамдарда жылдын башынан бери Антальяга 1 миллион 300 миң жүргүнчүнүн келгенин көрүп жатабыз. Бул көрсөткүчтүн дээрлик жарымы август айында ишке ашыптыр»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар