Англиянын «Financial Times» гезити Түркиянын Кара деңизде тапкан газы тууралуу анализ жасады

«Financial Times» гезитинин кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Кара деңизде жаратылыш газынын ири кенин ачылгандыгын жарыялагандыгы жана бул өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу үчүн тарыхый кадам болгону баса белгиленди.

1477296
Англиянын «Financial Times» гезити Түркиянын Кара деңизде тапкан газы тууралуу анализ жасады

Англиянын «Financial Times» гезити Түркиянын Кара деңизде бургулоо иштерин жүргүзгөнүн, 320 миллиард куб метр жаратылыш газынын запасы табылганын окурманга аналитиктердин баа берүүсүн жарыялады.

«Financial Times» гезитинин кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Кара деңизде жаратылыш газынын ири кенин ачылгандыгын жарыялагандыгы жана бул өлкөнүн энергетикалык коопсуздугу үчүн тарыхый кадам болгону баса белгиленди.

Вуд Маккензи консалтинг фирмасынын талдоочусу Эшли Шермандын баалоолору жаңылыктарда чагылдырылган.

«Бул Түркияда жана Кара деңизде жасалган эң ири ачылыш. Түркиянын энергия менен камсыз болушу жана Кара деңиздин терең суу объектилериндеги айтылгандардын потенциалы чоң натыйжаларды алып келиши мүмкүн», деген серебин салды.

Түркиянын өткөн жылы энергия импорту болжол менен 41 миллиард долларга жакын экендиги жарыяланып, Орусия, Иран, Азербайжан, Катар жана АКШдан энергиясы жеткирилген деп жазылды.

Ошондой эле Financial Timesтын отчетунда Кара деңизде ачылган жаратылыш газынын көлөмү 2015-жылы Египеттен табылган Зохр кенинин 40 пайызына барабар экендиги айтылды.



Тектеш кабарлар