Турак жай соодасында рекорддук өсүү болду

Түркиянын статистика мекемеси июль айынын көрсөткүчтөрүн жарыялады.

1474197
Турак жай соодасында рекорддук өсүү болду

Түркияда турак жай сатуу июлда өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 124,3 пайызга өсүп  229 миң 357 болду жана рекорддук деңгээлге жетти.

Түркиянын статистика мекемеси июль айынын көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Буга караганда Түркияда турак жай сатуу июлда өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 124,3 пайызга өсүп 229 миң 357ге жетти. Турак жай сатууда Стамбул 39 миң 432 үй менен (17,2 пайыз) эң жогорку үлүшкө ээ болду. Стамбулдан кийин 26 миң 885 үй жана 11,7 пайыздык үлүш менен Анкара, 15 миң 614 үй жана 6,8 пайыздык үлүш менен Измир турат.

Казына жана каржы министри Берат Албайрак Твиттердеги билдирүүсүндө 250 чакан секторду жандандырган курулуш тармагынын өсүүсүн улантып жаткандыгын белгилеп: «Турак жай соодасы июлда эң жогорку көрсөткүчтөр менен рекорд койду»,-деди.



Тектеш кабарлар