Түркияда бут кийимдин экспорту өстү

Бут кийим эң көп Орусияга экспорттолду.

1472521
Түркияда бут кийимдин экспорту өстү

Түркияда бут кийимдин экспорту январь-июль айларынын аралыгында 490 миллион долларга жетти.

Түркия бут кийим өндүрүүчүлөр ассоциациясы (TASD) билдиргендей, алгачкы 7 айда 490 миллион долларга жеткен экспортто Орусия 45,5 миллион доллар менен биринчи орунду ээледи. Андан кийин 39 миллион доллар менен Германия, 37,5 миллион доллар менен Ирак, 25 миллион доллар менен Испания турат.

Алгачкы 10 өлкөнүн катарына Румыния, Сауд Арабия, Италия, Польша, Нидерландия жана Израиль кирди.

Январь-июль айларынын аралыгында бут кийимдин экспорту Испанияда 11,6 пайызга (25,3 млн доллар), Нидерландияда 12 пайызга (13,6 млн доллар) жогорулады.



Тектеш кабарлар