Министр Албайрак Түркиянын экокомикалык абалына баа берди

Түркиянын экинчи чейректеги көрсөткүчү оң болот.

1471950
Министр Албайрак Түркиянын экокомикалык абалына баа берди

Казына жана каржы министри Берат Албайрак: «Түркия 2-чейректеги көрсөткүчтөрү менен экономикалык рецессияга дуушар болгон өлкөлөрдүн арасында эң аз жабыр тарткан өлкөлөрдүн бири болот. Экинчи чейрек оң болот»,-деди.

Казына жана каржы министри Берат Албайрак жеке менчик телеканалда коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын алкагында экономикалык күн тартипке байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

«Түркия 2-чейректеги көрсөткүчтөрү менен экономикалык рецессияга дуушар болгон өлкөлөрдүн арасында эң аз жабыр тарткан өлкөлөрдүн бири болот»,- деген Албайрак: «Экинчи чейрек оң болот»,-деп айтты.

Министр Албайрак бардык көрсөткүчтөрдүн, калыбына келтирүүнүн күчтүү башталгандыгын көрсөткөнүн белгиледи.

«Түркия 5 пайызга кыскарат» дегендер жаңылышат. Биздин божомол минус 2ден 1ге чейин. Дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн бир топ жакшы»,-деп баа берди.



Тектеш кабарлар