Антальяга эки күндө 40 миңге жакын россиялык турист келди

Анталья губернатору Эрсин Языжы маалымат берди.

1471809
Антальяга эки күндө 40 миңге жакын россиялык турист келди

Антальяга эки күндүн ичинде болжол менен 40 миң орусиялык турист келди.

Анталья губернатору Эрсин Языжы, шаардагы коронавирус (Ковид-19) чара көрүүлөрүнүн да жогорку деңгээлде жүрүп жатканын айтты.

Коноктордун Антальяга келе баштаганын белгилеген Языжы: «Кечээ 22 миң россиялык турист келген. Бүгүн болсо 17 миң 571 россиялык конокту кабыл ала баштадык. Орто эсеп менен 10 миңдин тегерегинде болгон туристтердин саны кечээтен тарта 34 миң 996 адамга көбөйдү. Буюрса жакында германиялык туристтер да келишет жана туризм тармагы жигердүү болот»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар