Памуккалени 2 айда 84 900 киши кыдырды

Туристтер травертиндер жана айланасы менен Байыркы Иерапол шаарын кыдырып, байыркы бассейинге киришти.

1465109
Памуккалени 2 айда 84 900 киши кыдырды

Жаңы тип коронавирус эпидемиясы процессинде калыбына келүү кадамдарынан кийин Денизлидеги дүйнөгө белгилүү Памуккалени 2 айда 84 900 киши кыдырды.

Жаңы калыбына келүү процессинен кийин 1 -  июнда каалгаларын ачкан Памуккале жергиликтүү жана чет элдик туристтерди тосуп алууну улантууда.

Туристтер травертиндер жана айланасы менен Байыркы Иерапол шаарын кыдырып, байыркы бассейинге киришти.

Памуккалеге 1 -  июнь жана 28 -  июль күндөрүнүн арасында 84 900 киши барып, 19 300 киши Байыркы Иерапол археологиялык музейин, 3 400 киши болсо Лаодикя байыркы шаарын зыярат кылды.

 



Тектеш кабарлар