Түркиянын экономикалык ишеним индекси жогорулады

Түркия статистика мекемеси июль айы үчүн экономикалык ишеним маалыматтарын жарыялады.

1464668
Түркиянын экономикалык ишеним индекси жогорулады

Экономикалык ишеним индекси июль айында айлык эсеп менен алганда 11,8 пайызга жогорулап 82,2ге жетти.

Түркия статистика мекемеси июль айы үчүн экономикалык ишеним маалыматтарын жарыялады.

Реалдуу сектордун ишеним индекси ай сайын 10,7 пайызга жогорулап 99,4, кызмат көрсөтүү тармагына ишеним индекси 20,2 пайызга жогорулап 66,7, чекене соода тармагына ишеним индекси 9,6 пайызга жогорулап 94,6, курулуш тармагына ишеним индекси 11 пайыз артып 87 баллга жогорулады.

Экинчи жагынан, казына жана каржы министри Берат Албайрак өзүнүн Twitter эсебинен экономикалык ишеним индекси жогорулагандыгына байланыштуу, «Экономикалык ишеним индекси июнь айында 73,5 болсо, июль айында 11,8 пайызга көтөрүлүп 82,2 баллга жогорулады. Биз жаңы нормалдуу процессте кадам-кадам Түркиянын күчүнө биримдик жана ынтымак менен күбө болобуз»,деп бөлүштү.



Тектеш кабарлар