Туризмчилер август айында орус туристтерди күтүшүүдө

Түркия отелчилер федерациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Сурури Чорабатыр : "Сезондун ноябрь айына чейин узарышын күтүүдөбүз»,- деди.

1461750
Туризмчилер август айында орус туристтерди күтүшүүдө

Түркия отелчилер федерациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Сурури Чорабатыр Түркиянын орустардын эс алуу үчүн эң көп тандаган өлкөсү экенин белгилеп : «Алар да эс алууну самап жатышат. Сезондун ноябрь айына чейин узарышын күтүүдөбүз»,- деди.

Сурури Чорабатыр Түркия менен Россиянын ортосунда каттамдардын 1 -  августта башталары тууралуу чечимдин туризмчилер үчүн абдан маанилүү экенин айтты.

Орустар үчүн Түркиянын маанилүү туризм өлкөлөрүнүн бири экенин баса белгилеген Чорабатыр : «Бардык чараларды көрдүк, өлкөбүзгө келген туристтерди мыкты тосуп алабыз. Өзгөчө жаңы тип коронавирус эпидемиясына байланыштуу көргөн чаралар менен Ишенимдүү Туризм Сертификаты да маанилүү ишеним берүүдө»,- деди.

Профессионалдык отел башкаруучулары коомунун төрагасы Үлкай Атмажа да Түркия менен Россиянын ортосунда каттамдардын башталары тууралуу чечимдин билдирилишинин өзү эле  резервацияларга оң таасир тийгизгенин, 10 -  августтан тарта шаарга орус туристтерди күтүшкөндөрүн айтты.



Тектеш кабарлар