Түркиянын бал экспортундагы өсүү

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин (DKİB) маалыматына караганда, январь-июнь айлары аралыгында Түркиядан 39 өлкөгө 2 миң 984 тонна бал экспорттолду.

1453707
Түркиянын бал экспортундагы өсүү

Түркиядан бал экспорту жылдын биринчи жарымында  15 пайыз өстү.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин (DKİB) маалыматына караганда, январь-июнь айлары аралыгында Түркиядан 39 өлкөгө 13 миллион 81 миң 422 долларга барабар 2 миң 984 тонна бал экспорттолду.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 2 644 тонна бал экспортунан 11 миллион 419 миң 418 доллар киреше алынгандыгын эске алганда, Түркиянын бал экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу көлөм жагынан 13 пайыз жана нарк жагынан 15 пайыз өстү.

АКШ, Германия жана Сауд Арабиясы эң көп бал экспорттолгон өлкөлөрдүн катарына киришти.

Түркиядан жылдын биринчи жарымында, өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде бал экспорттолбогон Словения, Австралия, Жапония, Сингапур, Йемен, Бангладеш, Венгрия, Ливан, Дания, Жибути, Панама, Түштүк Корея, Гвинея жана Финляндияга  да бал азыктары жөнөтүлдү.



Тектеш кабарлар