Министр Албайрак биржага баа берди

Албайрактын Твиттердеги маалыматы

1442524
Министр Албайрак биржага баа берди

Казына жана каржы министри Берат Албайрак Твиттердеги баракчасынан Стамбул биржасынын жогорулашына байланыштуу маалымат бөлүштү.

Германия, Франция, Кытай жана Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн быйылкы биржа көрсөткүчтөрүн да бөлүшкөн Албайрак: «Стамбул биржасы, жылдын башынан бери арткан инвесторлордун кызыгуусу менен бирге жогорулап, 2020-жылдагы жоготууларды калыбына келтирген бир нече биржалардын бири болду. Түрк лирасына ишенген, түрк байлыктарына жана компанияларынын өсүш тарыхына ишенген адам утат»,-деди.



Тектеш кабарлар