Түркияда турак үйлөр июнда рекорддук деңгээлде сатылышы мүмкүн
Турак үй сатуу боюнча Стамбул биринчи орунда турат.
1436427
Түркияда май айында сатылган үйлөрдүн саны өткөн айга салыштырмалуу 19,1 пайызга көбөйдү.
Турак жай сатуу боюнча Стамбул 7 миң 640 үй (15 пайыз) менен биринчи орунда турат. Стамбулдан кийин 4 миң 939 үй жана 9,7 пайыздык үлүш менен Анкара, андан соң 3 миң 96 үй жана 6,1 пайыздык үлүш менен Измир турат.
Май айында турак жай сатуу өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу төмөндөгөнүнө карабастан, апрель айына салыштырмалуу 19 пайызга жогорулады.
Сектордун өкүлдөрүнүн айтымында, июнь айында турак жайда рекорддук сатыкка жетишүүгө болот.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.