Түркиядан Бразилияга дем алдыруучу аппараттар экспорттолду

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Твиттер барагынан маалымат бөлүштү.

1431266
Түркиядан Бразилияга дем алдыруучу аппараттар экспорттолду

Түркияда жасалып Бразилияга экспорттолгон 650 дем алдыруучу аппарат ал өлкөнүн Сао Пауло провинциясына жетти.

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Твиттер барагынан Сао Пауло провинциясына сатылган дем алдыруучу аппараттардын тапшырылышы тууралуу видеолорду бөлүштү. Варанк бөлүшүүсүндө, «Видеодогу фураларда атамекендик технологиянын чыгарылышы бар. Дүйнө жүзүнө дем берген атамекендик реанимациялык дем алдыруучу аппараттарыбыз бар. Президентибиз урматтуу Режеп Таййип Эрдогандын лидерлигинде ээ болгон адам баалуулуктарыбыз бар»,деген сөздөргө орун берди.

Бразилия басма сөзүндө чыккан кабарларда Түркиядан алынган 1500 дем алдыруучу аппараттан 650сүнүн тапшырылганын жана жекшемби күнүнөн тарта аймактагы ооруканаларга таркатылышы жасала турганы маалымдалды.

Калкы 210 миллиондон ашкан Бразилия, АКШдан кийин эң көп вирус жуктурган учур катталган өлкө катары көрүнүп турат.

Латын Америка аймагында пандемиянын чордонуна айланган өлкөдө ушул убакка дейре 35 930 киши каза болгону, 672 846 кишиде вирус аныкталганы белгиленди.



Тектеш кабарлар