Дүйнөлүк банк 100 өлкөгө жардам көрсөттү

Дүйнөлүк банк Ковид-19 пандемиясынын медициналык, социалдык жана экономикалык кесепеттерине каршы өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге колдоо көрсөтүүдө.

1420186
Дүйнөлүк банк 100 өлкөгө жардам көрсөттү

Дүйнөлүк банк, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүнүн алкагында өнүгүп келе жаткан 100 мамлекетке жардам көрсөттү.

Банктын билдирүүсүндө, бул өлкөлөргө экономикалык жактан калыбына келүүгө жана алардын саламаттык сактоо системаларын чыңдоого карата март айынан бери рекорддук деңгээлде жардам берилгендиги маалымдалды.

Дүйнөлүк банктын Ковид-19 пандемиясынын медициналык, социалдык жана экономикалык кесепеттерине каршы өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге колдоо көрсөтүү максатында 15 айдын ичинде 160 миллиард долларлык каражат бөлүп берүүнү убада кылгандыгы эске салынган билдирүүдө, Ковид-19 менен күрөшүүгө карата жардамдардын дүйнө калкынын 70 пайызын камтыган өнүгүп келе жаткан 100 мамлекетке жеткендиги кабарланды.  



Тектеш кабарлар