Түркиянын анчоус экспорту

2019 – 2020  балык сезонунда Түркиядан 6 миллион 350 855 долларлык анчоус экспорттолду.

1413417
Түркиянын  анчоус экспорту

2019 – 2020  балык сезонунда Түркиядан 6 миллион 350 855 долларлык анчоус экспорттолду.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинен берилген маалыматка караганда Түркиядан 2019 – жылдын 1 -  сентябрынан 2020 -  жылдын 30 -  апрелине чейинки мезгилди камтыган аң уулоо сезонунда 23  өлкөгө 1745 тонна анчоус сатылды.

Бул экспорттон 6 миллион 351855 доллар киреше алынды. Бул мезгилде эң көп анчоус экспорту 1 миллион 824 311 доллар менен Бельгияга жасалды.

Бельгиядан кийин 1 миллион 806 521 доллар менен Франция, 766 24 доллар менен АКШ, 764 373 доллар менен Германия, 268 668 доллар менен Испания келди.

Бул сезондо өткөн жылдын ушул эле мезгилинен айырмаланып Украина, Канада, Россия жана Сингапурга да анчоус сатылды.

 



Тектеш кабарлар