Кытайга карата кургатылган өрүк экспортунда өсүү болду

Эгей кургатылган мөмө экспортчулар биримдигинин төрагасы Бирол Желеп иммунитетти күчтөндүргөн кургатылган мөмөлөргө карата талаптын арткандыгын айтты.

1393820
Кытайга карата кургатылган өрүк экспортунда өсүү болду

Кытайга кургатылган өрүк экспорту 2019 -  жылдын август жана 2020 -  жылдын март айларында 125 пайызга өсүп, 2 миллион доллардан 4 жарым миллион долларга жогорулады.

Эгей кургатылган мөмө экспортчулар биримдигинин төрагасы Бирол Желеп берген жазуу түрүндөгү маалыматында Түркиянын кургатылган өрүктү тышка сатуу башталган 2019 -  жылдын  1 -  августунан 2020 -  жылдын 30 -  мартына чейинки процессте 76 000 тонна продукция экспорттолуп 197 миллион доллар киреше түшкөндүгүн белгиледи.

Акыркы мезгилде иммунитетти күчтөндүргөн кургатылган мөмөлөргө карата талаптын арткандыгын айткан Желеп экспорт сезону башталган күндөн ушул күнгө чейин мейиз, кургатылган өрүк жана кургатылган анжирден 723 миллион доллар киреше алынгандыгын билдирди.

Жалпы дүйнөдө 105 өлкөгө кургатылган өрүк жиберилгендигин айткан Желеп Эгей аймагынан 8 айлык мезгилде 78 миллион долларлык кургатылган өрүк экспорттолгондугун, эң көп экспорттун 26 миллион доллар менен АКШ, 18 миллион доллар менен Германия жана 17 миллион доллар менен Францияга жасалгандыгын белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар