Эки айда 69 өлкөгө помидор томаты экспорттолду

Томат экспорттору эң көп Иракка жасалды

1379700
Эки айда 69 өлкөгө помидор томаты экспорттолду

Январь  -  февраль айында Түркиядан 69 өлкөгө помидор томаты экспорттолду.

Улудаг экспортчулар биримдигинен берилген маалыматка караганда Түркиянын берекелүү жерлеринде өстүрүлгөн помидорлордон жасалган томат экспортунда жылдын биринчи эки айында өткөн жылдын январь  -  февраль айына салыштырганда 12, 3 пайызга өсүү болгон.

Бул мезгилде Түркиядан 69 өлкөгө 26 миллион 631 миң долларлык продукция жиберилди. Томат экспорттору эң көп Иракка жасалды. Бул өлкөгө жасалган экспорт өткөн жылдын биринчи эки айына караганда 7 пайызга жогорулап, 16 миллион 714 миң доллардан 17 миллион 895 миң долларга чыкты.

Иракка карата экспорт жалпы тышкы сооданын 67 пайызын түздү.

Ирактан кийин эң көп томат экспорту Японияга жасалды. Экспортто үчүнчү орунду алган Германияга карата сатуу 64 пайызга өстү. Бул өлкөгө карата экспорт 947 миң доллардан 1 миллион 554 миң долларга чыкты.

Түркиядан Сауд Арабияга жасалган экспорт 4 эсеге чыгарылып 323 миң доллардан 1 миллион 326 миң долларга жогорулады.

Нидерландияга томат экспортунун 11 миң доллардан 170 миң долларга чыгышы көңүлдөрдү бурду.

Өзгөчө өткөн жылдын январь  -  февраль айларында эч бр продукция жибериле албаган Италияга 95000, Пакистанга 32 000, Финландияга 18000, Украинага 3000 долларлык помидор томаты экспорттолду.

Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде томат экспорттолбогон Косова, Казакстан, Түштүк Корея, Тажикстан, Гон Конг, Филиппиндер жана Анголага да 1000 доллардан ашуун тышкы соода болгондугу билдирилди.



Тектеш кабарлар