Түркиянын кургатылган мөмөм - жемиш экспорту 2019 - жылы 1, 4 миллиард доллар болду

Өткөн жылы баа базасында эң көп экспорт артышы 24 пайыз менен Антеп мистеси жана 8, 5 пайыз менен кедр жаңгагында болду.

Түркиянын кургатылган мөмөм - жемиш экспорту 2019 -  жылы 1, 4 миллиард доллар болду

Кургатылган мөмө  - жемиштер сектору өткөн жылы 155 өлкөгө 1, 4 миллиард долларлык экспорт кылды.

Стамбул экспортчулар биримдигинен берилген маалыматта экспорттун 2018 -  жылга караганда 2, 5 пайызга өскөн кургатылган мөмө – жемиш сектору эң көп экспортту 191 миллион доллар менен Германияга жасагандыгы билдирилди.

Германиядан кийин 183 миллион доллар менен Бириккен Королдук, 109 миллион доллар менен Италия жана 97 миллион доллар менен Франция келди.

Маалыматта көз караштарына орун берилген Стамбул кургатылган мөмө – жемиш экспортчулар биримдигинин төрагасы Мухсин Чакыжы кургатылган мөмөм – жемиш секторунун 2019 -  жылы эң көп экспорт артышы Ирак, Бириккен Королдук жана Италияга болгондугун белгилеп : «Иракка 23, 5 пайыз, Бириккен Королдукка 11 пайыздык жана Италияга 7,5 пайыздык экспорт артышы болду. Түркия өткөн жылы өлкө тышына 523 миллион долларлык 244 миң тонна данексиз мейиз сатты»,- деди.

Чакыжы кургатылган мөмө – жемиш секторунун өткөн жылы баа базасында эң көп экспорт артышы 24 пайыз менен Антеп мистеси жана 8, 5 пайыз менен кедр жаңгагында болгондугун айтты.  



Тектеш кабарлар