Түркиянын жашылча жана мөмөм - жемиш экспорту

Түркиянын жашылча жана мөмө - жемиш экспорту 2 миллиард 260 миллион долларга жетти.

1336081
Түркиянын жашылча жана мөмөм - жемиш экспорту

Түркиянын жашылча жана мөмө - жемиш экспорту 2 миллиард 260 миллион долларга жетти.

Жер Ортолук деңиз жашылча жана мөмө - жемиш экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасы Неждет Син жашылча жана мөмө - жемиш секторунун экспорту менен улуттук экономикага так валюта киреше алып келгендигин айтып жылдык цитрус экспортунун 755,7 миллион доллар, мөмө - жемиш экспортунун 845,46 миллион доллар жана жаңы жашылча экспортунун 644,16 миллион доллар, чай экспортунун да 15 миллион долларга жакын киреше алып келгендигин баса белгиледи.

Эң көп экспорттолгон продукциянын мандарин экендигин белгилеген Син : «2019 -  жылы 758 миң 160 тонна мандирин экспорттоп, 347, 33 миллион доллар валюта киреше таптык. Эң көп экспорттогон экинчи продукция болсо 304,5  миллион доллар менен помидор болду. Лимон 244,8 миллион доллар менен үчүнчү орунду алды»,- деди.

Син эң көп экспорттун Россияга жасалгандыгын белгилеп, бул өлкөгө сатуулар 13 пайызга артып 746,3 миллион долларга жеткендигин билдирди.

Россиядан кийин 5 пайыздык өсүү жана 215 миллион долларлык киреше менен Германиянын келгендигин белгилеген Син 2019 -  жылы көңүлдөрдү бурган экспорт артуу катнашы 317 пайыз менен Индияда болгондугун, бул өлкөгө бир жылда жалпы 37, 5 миллион долларлык жашылча  жана мөмө - жемиш экспорттошкондорун айтты.



Тектеш кабарлар