Венгрия "Түрк агымы" долбоорун колдойт

Венгриянын тышкы иштери жана тышкы соода министри Питер Шиярто, Венгер маалымат агенттигине бул тууралуу маалымат берди.

1329787
Венгрия "Түрк агымы"  долбоорун колдойт

Венгриянын тышкы иштери жана тышкы соода министри Питер Шиярто, «Түрк агымы» жарылыш газ куур долбоорунун өлкөсүнүн энергетика коопсуздугун күчтөндүргөнүн айтты.

Питер Шиярто, Венгер маалымат агенттигине берген маалыматында «Түрк агымы» жаратылыш газ кууру долбоорунун Сербия бөлүмүндөгү 403 чакырымдык иштердин аяктоосунун кубандыруучу экенин белгилеп өттү.

Венгер министр, өлкөсүнүн энергетика коопсуздугун күчтөндүрө турганын баса белгилеген долбоордун өлкөсүнө тийиштүү бөлүгүнүн пландалганы сыяктуу уланып жатканын маалымдады.

Питер Шиярто, 2021-жылдан тарта түтүк жолунан Венгрияга жылына 9,8 миллиард куб метрдик жаратылыш газ жеткириле турганын билдирип, «Батыштан болгон сындоолор толугу менен негизсиз. Анткени жаңы түтүк жолу өткөн 4 Европа өлкөсүнөн 3ү НАТОго мүчө»,-деп айтты.

«Түрк агымы» жаратылыш газ куур долбоору менен Орусиянын жаратылыш газы Кара деңиз аркылуу Түркияга жана бул жактан Европага ташылат.



Тектеш кабарлар