Кургатылган өрүк экспорту 11 айда 231 миллион доллар киреше алып келди
Малатия соода биржасынын төрагасы Рамазан Өзжан Кытайга жасалган кургатылган өрүк экспортунда олуттуу өсүүнүн болгондугун белгиледи.
Дүйнөдөгү кургатылган өрүк өндүрүүнүн 85 пайызы аткарылган Малатиядан январь - ноябрь мезгилинде 231 миллион долларлык кургатылган өрүк экспорттолду.
Шаардан бул жылдын 11 айында 231 миллион долларлык 89 миң тонна кургатылган өрүк экспорттолду.
Малатия соода биржасынын төрагасы Рамазан Өзжан өткөн жылды 95 миң тонна кургатылган өрүк экспорту менен жапкандарын, бул жылы болсо 100 миң тоннага жетүүнү күтүшкөндөрүн айтты.
Өзжан кургатылган өрүк экспортунда жаңы базар издегенди улантып жаткандыгын, ушунун негизинде Кытайга жасалган кургатылган өрүк экспортунда олуттуу өсүүнүн болгондугун белгилеп : «Кытайга 600 тонна менен башталган бүгүн 2 миң тоннадан ашкан бир экспорт сөз болууда. 2020 - жылы бул масштабды 4 миң тоннага жеткиребиз. 2020 - жылы табигый өндүрүшүбүз биз каалаган жерге келе турган болсо Кытайга карата экспортубуздун 4 миң тоннага жакындай тургандыгын ойлоп жатабыз»,- деди.
Тектеш кабарлар
Түрк чайынын экспорту
Түркияда өстүрүлгөн чай жылдын 3 айында 96 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга сатылды.