"Эсенбога" аэропортунда 11 айда 12,7 миллион жүргүнчүгө кызмат көрсөтүлдү

Ноябрь айынын көрсөткүчтөрү жарыяланды.

1320964
"Эсенбога" аэропортунда 11 айда 12,7 миллион жүргүнчүгө кызмат көрсөтүлдү

Анкарадагы "Эсенбога" аэропортунда быйыл ноябрь айынын аягынан чейин тейленген жүргүнчүлөрдүн саны 12 миллион 719 миң 565 кишиге жетти.

Мамлекеттик аэропорттор кызматынын башкы директорлугу тарабынан жарыяланган ноябрь айынын көрсөткүчтөрүнө караганда, Анкарадагы "Эсенбога" аэропортунда ички каттамдардагы жүргүнчүлөрдүн саны 876 миң 964, тышкы каттамдардагы жүргүнчүлөрдүн саны 165 миң 88, жалпы сан болсо 1 миллион 42 миң 52 болду.

Аэропорттордо ноябрь айында ички каттамдарга конуп-учкан учактардын саны 6 миң 164, тышкы каттамдарда 1406 болуп жалпы учактардын саны 7 миң 570 болду.

Жүк ташуучу учактар болсо 8 миң 825 тонналык жүк ташыды.

Анкарадагы "Эсенбога" аэропортунда 11 айда 12 миллион 719 миң 565 жүргүнчүгө кызмат көрсөтүлдү. 



Тектеш кабарлар