Эң бай 6 англичандын байлыгы 13 миллион жакырдын байлагынан көп

Борбору Лондондо орун алган жарандык коомдук уюм Equality Trustтын изилдөөсү.

1319126
Эң бай 6 англичандын байлыгы 13 миллион жакырдын байлагынан көп

Англиянын эң бай 6 ишкеринин жалпы капиталы, калктын эң жакыр 13,2 миллиондук тилиминин жалпы капиталына тете.

Борбору Лондондо орун алган жарандык коомдук уюм Equality Trustтын изилдөөсүндө Англиянын эң бай 6 миллиардеринин жалпы капиталынын 39,5 миллиард стерлин деңгээлинде болгону, мунун болсо калктын эң тар кирешелүү 13,2 миллиондук катмарынын жалпы капиталына тете экени белгиленди.

Hinduja Group эки бир тууганга таандык; Гопичанд и Сриханд Хиндужаи. Анын капиталы 12,8 миллиард стерлин. Англиянын эң байы болуп эсептелет.

Химиялык заттарды өндүргөн Ineos аттуу фирманын ээси Сэр Жим Рэтклиффдин 9,2 миллиард стерлини бар. Фонд башкаруучусу Майкл Платттын капиталы 6,1 миллаирд стерлинден турат.

Кыймылсыз мүлк фирмасы Reuben Brothersтин ээлери эки бир тууган Дэвид жана Симон Рувимдин да жалпы 11,4 миллиард стерлиндик байлыгы бар.

Мекеменин изилдөөсүндө Англияда 14 миллион адамдын жакырчылык чегинин астында жашаганын, булардан 4 миллионунун болсо ачарчылык менен күрөшкөнү билдирилди.

 



Тектеш кабарлар