Түркиянын экономикасы өсүүдө

Өлкө ичи дүң продукциянын көрсөткүчтөрү

Түркиянын экономикасы өсүүдө

Түрк экономикасы жылдын үчүнчү чейрегинде 0,9 пайыз өстү.

Түркиянын статистика мекемеси, жылдын үчүнчү чейрегине карата (июль-сентябрь) өлкө ичи дүң продукциянын көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Буга караганда түрк экономикасы, быйылкы жылдын үчүнчү чейрегинде өткөн жылдын тийиштүү чейрегине салыштырмалуу 0,9 пайыз өстү.

Быйылкы жылдын үчүнчү чейрегинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу айыл чарба сектору 3,8 пайыз, өнөр жай сектору болсо 1,6 пайыз өстү.

Соода, транспорт, коноктоо жана тамак-аш кызматынан турган кызматтар секторунун кошумча наркы да 0,6 пайыз өстү.



Тектеш кабарлар