Анталья рекорд жаңылады

Анталья быйылкы жылдын 11 айында 15 миллиондон ашуун туристти коноктоду.

Анталья рекорд жаңылады

Дүйнөнүн төрт тарабынан туристтерди тарткан Антальяга аба жолу аркылуу келген туристтердин саны январь-ноябрь айларынын аралыгында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17 пайыздык өсүү менен 15 миллиондон ашты.

Антальянын Маданият жана туризм директорлугунун көрсөткүчтөрүнө караганда, өткөн жылы 13 миллион 642 миң турист менен баардык мезгилдердин рекордун койгон бул шаар, быйылкы жылдын 11 айында 15 миллиондон ашуун туристти коноктоду.

Шаарга келген туристтердин өлкөлөрүнө каралганда орусиялыктар биринчи орунду ээледи. 1-январдан 30-ноябрга чейинки мезгилде Орусиядан 5 миллион 524 миң 160 турист келди. Орусиялык туристтердин санында өткөн жылга салыштырмалуу 16 пайыздык өсүү болду.

Экинчи орунда турган Германиядан келген туристтердин саны  болсо 2 миллион 602 миң 725 кишиге жетти. Германия рыногунда  15,5 пайыздык өсүү болду.

Шаарга эң көп турист жөнөткөн өлкөлөр катары менен Украина, Англия, Польша, Нидерландия, Румыния, Казакстан, Чех Республикасы жана Швеция.



Тектеш кабарлар