«Түрк агымы» жаратылыш газ куурунун Болгария тарабы 2020-жылы бүтөт

Орусиянын энергетика министри Александр Новак, Сочиде басма сөздү маалыматтандыруусунда «Түрк агымы» жаратылыш газ куурунун долбооруна баа берди.

1292737
«Түрк агымы» жаратылыш газ куурунун Болгария тарабы 2020-жылы бүтөт

Орусиянын энергетика министри Александр Новак, «Түрк агымы» жаратылыш газ куурунун долбоорунун алкагындагы курулуштун белгиленген календар боюнча илгерилегенин белгилеп, Болгариядагы инфраструктуранын да 2020-жылдын биринчи жарымында бүткөрүлүшүн күткөндөрүн айтты.

Новак, Сочиде басма сөздү маалыматтандыруусунда «Түрк агымы» жаратылыш газ куурунун долбооруна баа берди.

«Түрк агымы» жаратылыш газ куурунун курулушунда кандайдыр бир маселе көрбөгөндөрүн билдирген Новак: «Түркияда деңиз жана кургактыктагы курулуштар календардын негизинде илгерилеп жатат. Болгарияга байланыштуу кичине өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Бул жердеги инфраструктуранын да 2020-жылдын биринчи жарымында бүткөрүлүшүн күтүүдөбүз»,-деп айтты.

Орусиянын газын Түркия жана Европага ташый турган «Түрк агымы» жаратылыш газ кууру, ар бири жылдык 15,75 миллиард куб метр газ ташый алгыдай көлөмгө ээ болгон эки түтүктөн турат.

«Түрк агымы» жаратылыш газ куурунун Европа базары үчүн пландалган 15,75 миллиард куб метрдик көлөмүнүн 3,5 миллиард куб метрдик бөлүмүнүн Болгария тарабынан импорттолушу көздөлүүдө.



Тектеш кабарлар