Амасрага 8 айда 1 миллондон ашуун турист келди

Амасрага 2014 -  жылы келген турист саны 600 миңге жеткен.

1275450
Амасрага 8 айда 1 миллондон ашуун турист келди

 Бартындын Амасра району жылдын 8 айында 1 миллиондон ашуун кишини тосуп алды.

Эллендик, архаик, Рим, Византия, генуялыктар, сежуктуктук жана осмондуктар мезгилине таандык көп сандаган чыгарма болгон Амасра ачыла элек булуңдары, таза кумдактары, толкуну аз деңизи жана табият менен бүтүндөшкөн кооздуктары, балыкка көп орун берилген ашканасы менен жергиликтүү жана чет элдик туристтерди тосуп алууда.

Негизги туристтик жерлердин арасында орун алган, Амасра чеби менен 2015 -  жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген район чиркөө жана Амасра музейинде көргөзмөгө коюлган миңдеген жылдык мурасты чагылдырган чыгармалары менен көңүлдөрдү бурууда.

Тарыхый курулуштары жана табигый кооздуктары менен бирге балык жана салат көп орун алган ашканасы төрт мезгил туристтердин кызыгуусун тарткан райондо 2014 -  жылы келген турист саны 600 миң болгон болсо, бул жылдын 8 айында 1 миллиондон ашты.



Тектеш кабарлар